• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалпал-Абадда аял затына сый-урмат көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Жалал-Абадда алдыдагы аялдардын эл аралык аялдар күнүнө карата Барпы драма театрында салтанат болуп, шаардагы жана облус аймагындагы алдыңкы аялзаттарына сый-урматтар көрсөтүлдү. Бул майрамдык иш-чарага Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон облус жетекчилери, шаар мэри баш болгон шаар активи, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты деп билдирди шаар мэриясынын басма сөз кызматы.

Облсу жетекчиси менен шаар жетекчиси аялдарды алдыдагы майрамы менен куттукташып, аларга жакшы каалоолорун айтышты.

“Аял жылмайса, ай аалам жылмаят” деген кеп бар. Сиздердин жакшы маанайыңыздар, сиздердин аруу күлкүнүздөр бизге дем-кубат гана берип калбастан, бүт ааламды көркүнө чыгарат, бүт ааламды жылмайтат. Ошондуктан, биз жергиилктүү бийликтер сиздердин дайыма жылмайып жүрүшүңүздөр, маанайыңыздар жакшы болушу үчүн жакшы иштегенге аракет кылабыз", - деди шаар мэри Салайдин Авазов.

Облус жана шаар жетекчилери коомдогу активдүү аялзаттарга Ардак грамоталарды, Алкыш баракчаларын тапшырышты. Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардагы 200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлык таркатты.

Жыйынтыгында облустук жана шаардык маданият ишмерлеринин, өнөр ээлеринин күчү менен даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий