• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы 120 эмгек сунушталган. Бакча балдарынын “Жеңишке 75 күн” чыгармачылык сынагы аяктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бакча балдарынын “Жеңишке 75 күн” чыгармачылык сынагы аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Жеңишке 75 күн” акциясында Токмок шаары жана Чүй районундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары ата-энелери менен биргеликте пластилин, кагаз жана башка материалдардан каармандык-мекенчилдик темадагы эмгектерди даярдашкан.

Акциянын алкагындагы кароо-сынакка 18 бала бакчадан 120 эмгек сунушталды.

Учурда саамалыктын экинчи этабы мектеп окуучуларынын арасында дистанттык түрдө башталды. Мында балдар каармандык-мекенчилдик темадагы ырларды көркөм окуп, видеого тартып жөнөтүшөт.

Токмок шаарына жана Чүй районуна караштуу мектеп, бала бакчаларында “Жеңишке 75 күн” акциясы февраль айында башталды.

Пикир

Оставить комментарий