• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы 130 балбан. Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 17-18-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан 130 балбан катышууда. Күрөштүн алгачкы күнүндө 5 салмак категориясы (55 кг, 63 кг, 72 кг, 82 кг, 97 кг) боюнча спортчулар килем үстүнө чыгышты.

Таймаш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий