• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы 215 шайлоо участкасы бар. Баткен облусунда шайлоого даярдык иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 289 миң 518 шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында КР Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосуна даярдыктарды көрүү жана өткөрүүнү уюштуруу максатында ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун буйругу чыгып, даярдык иштери жүрүүдө.

Өкүлдүн буйругуна ылайык түзүлгөн облустук штаб, жер жерлерде уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө иш алып барууда.

"Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, пандемияга байланыштуу жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардан келген кайрылууларды өз убагында кароо, шайлоо участкалардында тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий