• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалпы 5. Кыргызстанда дагы эки адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады.

Анын айтымында, илдеттен дагы 2 адам айыгып чыккан.

"Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканадан 3 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Ала-Бука аймактык ооруканадан дагы 2 жаран (бир аял, бир эркек) чыгарылды", - дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1 миң 928 адам аныкталды. Анын ичинен 1-категориядагылар 478, 2-категориядагылар 1 миң 450 адамды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган 5 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий