• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы 9 медаль. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы биринчи орун алды

Спорт 0

Бишкек, 24.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Бишкектеги 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында тогуз медаль утту.

U-23 Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча жалпы 10 салмак категория болсо, кыргыз балбандары тогуз салмакта байгелүү орундарга илинди. Ошондой эле Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 205 упай топтоп, биринчи орунга татыды. Ал эми экинчи орунга Индия, үчүнчүгө Казакстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жайгашты.

Кыргыз балбандары үч алтын, алты күмүш жеңди:

1-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг);

1-орун — Акылбек Талантбеков (77 кг);

1-орун — Бексултан Назарбаев (82 кг);

2-орун — Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);

2-орун — Эрмек Каныбек уулу (63 кг);

2-орун — Аманат Самат уулу (67 кг);

2-орун — Азат Салидинов (87 кг);

2-орун — Данияр Шеримбеков (97 кг);

2-орун — Ерлан Манатбеков (130 кг).

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий