• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалпы билим берүү уюмдары үчүн "Сергек жашоо образы" программасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Бишкекте республиканын билим берүү мекемелеринде медициналык тейлөөнү өнүктүрүү боюнча тегерек үстөлдүн алкагында “Сергек жашоо образы” программасынын долбоору тааныштырылды.

Тегерек үстөл Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ага Хан фонду жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте окуучуларды медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгында уюштурулду. Иш чарага саламаттыкты сактоо системасынын, билим берүү тармагынын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы Ден соолук жана тамактануу программасынын менеджери Таалайгүл Маматжунусова республиканын мектептеринде медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча дагы кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу айтып берди.

"Саламат” мобилдик тиркемеси балдардын ден соолугун сактоо менен чыңдоого жана алдын алуу иш-чараларына активдүү катышууга ата-энелерге жардам берүү максатында иштелип чыккан. Тиркеменин колдонуу тармагы кеңейет. 6-11-класстын окуучулары үчүн "Сергек жашоо образы" программасы боюнча иш дептерлер иштелип чыккан. "Ой жигит" аттуу пландаштырылган маалымат журналы жана телеберүүлөр бүгүнкү күндө сергек жашоого тоскоол болуп жаткан ар кандай социалдык көрүнүштөрдү жеңүүгө жардам берет.

Ага Хан фонду жоопкерчиликтүү ата-эне маданиятын калыптандыра турган жана ата-энелердин ортосунда тажрыйба алмашууга көмөктөшүүчү ата-энелердин 3 ресурстук борборун бирге каржылоого көмөктөшөт.

Ошондой эле 32 мектептин медицина кызматкерлерине мектеп окуучуларын жылыга өтүүчү сапаттуу профилактикалык медициналык кароодон өткөрүүгө көмөк көрсөтөт. Мектептеги медицина кызматкерлери үчүн өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча атайын окуу курсу иштелип чыгат", - деди ал.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматкерлер үчүн колдонмону жана медициналык ЖОЖдордун окутуучулары үчүн "Жалпы билим берүүчү уюмдардагы медициналык тейлөө" курсу боюнча окуу-методикалык китепчесин, мындан тышкары жалпы билим берүүчү уюмдарда окутууну уюштуруу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптардын шарттарына толуктоолорду киргизүүнү талкуулашты.

"Кыргызстанда энелердин өлүмү абдан жогору. Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу боюнча Борбор Азияда Тажикстандан кийинки экинчи орундабыз. Анын үстүнө бизде аялдарга да, кыздарга да үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли жогору. Мындай кырдаалга балдарын бирөөлөргө аргасыз таштаган ата-энелердин миграцияга кетүүсү таасир тийгизүүдө.

Абал ушундай болгондуктан ата-энелер балдарына элементардуу гигиенанын эрежелерин өздөрү жеткире албай жатышат. Көпчүлүгү жыныстык тарбия берүүнүн өзгөчөлүктөрүн билишпейт, же өспүрүмдөргө алардын репродуктивдүү ден соолугу жөнүндө айтып берүүнү каалашпайт.

Биз сергек жашоо образы боюнча колдонмону мугалимдер класстык саат учурларында сергек жашоо образы боюнча айтып берүүлөрүнө ылайыкташтырдык.

Ошондой эле колдонмодо абдан көп QR коддор берилген, аларды мугалимдер окучуларга бөлүшүп, окуучулардын кошумча темаларды окуп билүүсүнө, айрым темалар боюнча видеолорду өз алдынча көрүүгө жардам беришет. Колдонмо мектеп окуучуларынын 6-класстан 11-класска чейинки жаш курагына жараша иштелип чыккан", - деп белгиледи БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун кызматкери Элзат Насырова.

Пикир

Оставить комментарий