• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам 2019-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдардагы башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштуруу тартибин аныктайт.

Мыйзамдын максаты билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу бүтүмдүгү үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий