• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн 3 күндүк окутуу башталды

Билим 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Чүй облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинарга жалпысынан 350 угуучу катышып, он-лайн жана офлайн форматта өтүүдө.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүүдө эң негизги таяныч – мектеп директорлору экендигин айтып, директорлор билим берүү борборлору, жогорку окуу жайлар (жеке жана мамлекеттигине карабай), илимий институттар менен тыгыз иштешүүгө умтулуусу керектигин билдирди.

“Биз республикадагы бардык мектеп директорлору менен жолугуу максатын көздөп жатабыз. Бүгүн Кыргызстандагы белгилүү мугалимдер, тренерлер, лекторлор, эксперттерди чакырып, директорлорду төрт багытта окутууну баштадык. Мындан ары иш-чараларга жеке, мамлекеттик деп бөлбөөбүз керек. Баарыбыздын максатыбыз бир, ошондуктан жеке мектептер менен кызматташтыкты, интеграцияны күчөтүүбүз зарыл. Бири-бирибизден үйрөнө турган нерселер көп. Мектеп директор 3 жыл сайын кайра даярдоодон өтүп туруусу абзел. Ар бир директор билим берүү боюнча гранттарды жазууну үйрөнүүсү керек, айрыкча кен байлыктары мол болгон аймактарда”, - деди министр өз сөзүндө.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев убагында Касым Тыныстанов менен Ишеналы Арабаев экөө эле коомдун билим деңгээлин көтөрүп койгондугун баса белгиледи.

Окутуунун биринчи күнүндө төмөндөгү темаларда презентациялар жасалып, чакан лекциялар өтүлөт:

• Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу процессин санариптештирүү;

• Окуучулардын чет мамлекеттен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү;

• Билим берүүдө колдонулуучу интерактивдик технологиялар;

• Жалпы билим берүү уюмдарынын укуктук-ченемдик актылары (документтер);

• Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”

• “Ата-энелер мектеби” жана “Акыл эмгегинин маданияты” билим сапатын жакшыртуу өбөлгөсү.

Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү – Орозали Сайдилканов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү – Гапыр Мадаминов бар.

Пикир

Оставить комментарий