• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл — Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында жалпы эле өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Ресурстар чектелген шарттарда мамлекет өнөр жайдын бардык тармактарына бир убакта бирдей өлчөмдө колдоо көрсөтө албайт, - деди өлкө башчысы.

"Ошондуктан келечектеги приоритеттерди так аныктап, мамлекет кайсы тармактарга жана кантип жардам берерин тактап алышыбыз керек. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө технологиялык парктарды жана өнөр жай зоналарын киргизүү механизмдери эффективдүүлүгүн көргөзүүдө. Анткени бул ыкма заманбап инфраструктурага кошулууну гана эмес, жалпысынан ишканалардын потенциалын жогорулатат", - деп билдирди Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, өнөр жай тармагындагы азыркы потенциалды максималдуу түрдө колдонуу зарыл.

"Өлкөбүздүн өнүгүшүндө салттуу түрдө зор мааниге ээ болгон жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу өнөр жайдын тармактары бар. Бул багыттар калкты жумушчу орун жана киреше менен камсыз кылган тармактарга кирет. Аталган тармактарды өнүктүрүү — айыл чарба, курулуш, соода-сатык, билим берүү сыяктуу тармактардын өнүгүүсүнө да түрткү берет", - дди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий