• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Жалпы иш" фонду шайлоо алдындагы мезгилде жалпы 53 мыйзам бузуу каттаган

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда "Жалпы иш" коомдук фонду 25-октябрдан 28-декабрга чейин президенттик шайлоонун даярдыгына байкоо жүргүзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоо боюнча эксперти Арсланбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары ал аралыкта жалпы 53 мыйзам бузууну каттаган.

"Анын ичинен 31инде администрациялык ресурсту колдонуу, 15инде добуш сатып алуу жана жетөөндө басым жасоо болгон. Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобуна фонд тарабынан 14 кайрылуу жиберилген", - дейт ал.

Өмүрзаков белгилегендей, "Жалпы иш" коомдук фондуна 58 узак мөөнөттүү байкоочу тартылган.

"8 аймактык координаторлор алардын ишин көзөмөлдөдү. 5 юрист БШКнын шайлоого даярдыктарын изилдеп, карап жатышат. Биз президенттик шайлоого гана байкоо жүргүздүк. Ал эми референдум кеч көтөрүлүп калгандыктан байкоо жүргүзүлбөй калды", - деди ал.

Эксперт кошумчалагандай, №2 форманын жоюлушунан улам болжол менен 450 адам шайлоо укугунан ажыраган.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлөт:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда:

- Жапаров Садыр Нургожоевич;
- Исаев Канатбек Кедейканович;
- Арстанбек Мыктыбек;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
- Ташов Имамидин Асамидинович;
- Тагаев Рашид Бакирович;
- Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
- Касенов Аймен Абдыталипович;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
- Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
- Абакиров Эльдар Курманбекович;
- Асанов Курсан Сатарович;
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
- Жеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
- Тольбаев Бабыржан Латиханович;
- Иманалиев Каныбек Капашович.

Пикир

Оставить комментарий