• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалпы республикалык бюджеттин 1,7 млрд сому социалдык тармактарга каралууда

Экономика 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 28 – октябрдагы жыйынында, - “Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 708,1 млн. сом суммада же ИДПнын 27,5 % деңгээлинде болжолдонот”, - деп маалымдалды.

КР Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндагандай, жалпы республикалык бюджеттин 1,7 млрд. сому социалдык тармактарга каралууда.

Социалдык саясат жаатында мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртуу, өтө аялуу категориядагы жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылат.

Ишке орноштуруу жаатындагы негизги артыкчылыктуу багыттар 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынат.

Глобалдуу чакырыктарды эсепке алуу менен, келечектеги эмгек чөйрөсүн комплекстүү талдоо жүргүзүлөт жана стратегиялык максаттар, артыкчылыктуу багыттар жана орто мөөнөттүү келечекке милдеттер белгиленет.

Калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2020-жылы 1 490,9 АКШ долларынан 2022-жылы 1 581,2 АКШ долларына чейин өсөт.

2020-2022- жылдарда калктын акчалай кирешелеринин жогорулоо тенденциясы сакталат. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү 2020-жылы 17 955,5 сомдон 2022-жылы 19 682,9 сомго чейин көбөйөт, же орточо анык өсүш 0,3% (номиналдык өсүш орточо 4,8%) түзөт.

Калктын жан башына жашоо минимумунун болжолдонгон нарктык чоңдугу айына 2020-ж. – 5 063,6 сом, 2021-ж. – 5 306,7 сом, 2022-ж. – 5 540,1 сом.

2020-2022- жылдарда иштеген калктын санынын өсүшү орточо 1,0%, - деп болжолдонууда. Орто мөөнөттүү мезгилде иштеген калктын санын жогорулашын эске алуу менен жалпы жумушсуздук деңгээлинин 5,8% дан 5,5%га чейин азаюусу болжолдонууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Садык Шер – Нияз жалпы республикалык бюджеттен маданият тармагына каралган 3%дык каржылоо дагы деле толук кандуу ишке ашпай жаткандыгына кайрылды.

“Анын айынан маданият, адабият жаатында жаңы жылдыздар жаралбай эле, шагыраган сайдын ташындай саясатчылар арбып жатканы, коңшулардын алдында ыңгайсыз кылууда. Министрлер сооротуучу жооптору менен жомок айтпашы керек”, - дейт С.Шер – Нияз.

Депутат Тазабек Икрамов Жазуучулар союзу кабылган соңку кырдаал жабылбаган карызга байланыштуу экендигин билдирди. Жазуучулар биримдигинин имаратын сактап калууга колдоо көрсөтүүдө тармактык министрлик чечкиндүү кадамдарга барышы керек, - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий