• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы республикалык тестирлөө – 2023: Каттоо акысы жогорулады

Билим 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы жогорулатылды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт. Мурда бул сумма 370 сомду түзгөн.

"Бул сумма жакынкы эки жылга белгиленди. Ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий