• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнь күнү болуп өтөт – билим берүү министри

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнь күнү болуп өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

"Мектепте бүтүрүүчү сынактар аяктагандан кийин 21-22-июнь күнү жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрөбүз. Тестирлөөнү реалдуу режимде тапшырыш керек болуп жатат. Ал мезгилге чейин абал жакшырат деп ойлойбуз. Жалпы республикалык тестирлөө өтө турган жерлерде дезинфекциялоо иштерин, беткаптарды, антисептик каражаттарын камдап жана окуучулар ортосундагы аралыктын сакталышын уюштуруу керек. Ал боюнча атайын нускамаларды түзүүдөбүз", - деди ал.

Анын айтымында, 13-июль күнү тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгат.

"13-19-июлга чейин сертификаттар абитуриенттердин колуна тийет. Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Ал эми экинчи тур 27-июлда, үчүнчү тур 3-августта башталат", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо убактылуу токтотулган. Эми каттоо кайра улантылып, 4-майдан 15-майга чейин болуп өтөт.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Ал эми тестирлөөнүн өзү 15-20-май күндөрү болуп өтмөк.

Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий