• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы республикалык тестирлөө аралыктан өткөрүлбөйт. Саламаттык сактоо министрлигинин пикири

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Билим берүү министрлигине жалпы республикалык тестирлөөнү тиешелүү шарттарды түзүү менен өткөрүү сунушталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында "буга чейин Билим берүү министрлиги жалпы республикалык тестирлөө аралыктан өткөрүлбөй турганын билдирген. Коронавирустун жугуштуулугун эске алганда бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин пикири кандай?" деген суроо узатылды.

"Эгерде жалпы республикалык тестирлөөнү аралыктан өткөрүүгө болбой турган болсо, Билим берүү министрлигине тиешелүү шарттарды түзүүнү – аралыктын сакталышы, тест тапшырууну бир нече баскычка бөлүү, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу, коопсуздукту камсыз кылуу менен тестирлөөнү өткөрүүнү сунуштаганбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий