• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп баллды Жалал-Абад шаарындагы окуучу алды

Коом 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп 238 баллды "Курманбек" атындагы кыргыз-түрк эркек балдар лицейинин окуучусу Элдияр Чормонов алды (Жалал-Абад шаары).

Жалпы республикалык тестирлөөгө баардыгы болуп 43 миң 440 окуучу катышкан. Эң максималдуу балл 238ди түзгөн.

Төмөнкү чекти 27 миң 19 мектеп окуучусу өтө алган (62%). 2018-жылы бул көрсөткүч 57%дү түзгөн. Ал эми төрт жыл мурда болгону 47% болгон.

Орточо балл 119,5ти түзгөн. (былтыр бул көрсөткүч 119,4, 2015-жылы 114 баллды түзгөн).

Билим берүү жана илим министрлиги аймактарда көрсөткүчтөрдүн жогорулашын белгилеген.

Көп балл алып, алдынкы ондукка киргендер:

1. Элдияр Чормонов – "Курманбек" атындагы кыргыз-түрк эркек балдар лицейинин окуучусу (Жалал-Абад);

2. Нуртегин Көлбаев – №70 мектеп-гимназиясы (Бишкек);

3. Аида Бөрүкулова – №1 мектеп-гимназиясы (Лейлек району);

4. Жеңишбек уулу Талантбек – “Семетей” лицейи (Кадамжай району);

5. Мамажанова Гулшода – №20 кыргыз-түрк кыздар лицей (Жалал-Абад шаары);

6. Дария Мусаева – №12 мектеп-гимназиясы окуутуу-тарбиялоо комплекси (Бишкек);

7. Анастасия Чичкова - №38 окуутуу-тарбиялоо комплекси (Бишкек);

8. Эрали кызы Сезимай - "Себат" кыздар лицейи (Ош шаары),

9. Эржигит уулу Тыныбек - " Курманбек" атындагы кыргыз-түрк эркек балдар лицейинин окуучусу (Жалал-Абад шаары),

10. Мухомедьярова Алина - №67 мектеп-гимназиясы (Бишкек).

Пикир

Оставить комментарий