• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды

Билим 0

Бишкек,. 29.05.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-майга чейин ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Алар 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек.

ЖРТ 21-25-июнь күндөрү өтөт. Ал эми жыйынтыктарды жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт.

Өткөн жылы ЖРТга катталгандардын саны 41 280ди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий