• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо бүгүн аяктайт – Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо бүгүн аяктайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майда жанданган.

"Азыр Кыргызстан боюнча 180 тест борбору даярдалып жатат. Даярдык иштеринин алкагында ал имараттарда дезинфекциялоо иштери жүрөт. 21-июнда негизги тесттин биринчи этабы өтөт. 22-июнда балдар предметтик тесттерди тапшырышат. 23-июнда тест борборлорунда даярдык иштери жүрөт. 24-июнда негизги тесттин экинчи этабы өтөт. 25-июнда кайрадан предметтик тесттер болот. Тест тапшырган бардык бүтүрүүчүлөр анын жыйынтыгын 13-19-июлда колдоруна алышат" - деди ал.

Анын айтымында, 20-июлдан тарта жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталат.

Жусупбекова билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жок кабыл алган окуу жайларга 1-июлдан тарта документтерди калтырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий