• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо уюштурулат

Билим 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо уюштурулат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Ал жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майга чейин жүргүзүлгөнүн айтып өттү.

“Кошумча каттоо 20-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин, андан тышкары 23-июнда 13:00дөн 17:00гө чейин тестирлөө өткөрүлө турган борборлордо жүргүзүлөт. Жалпы республика боюнча 116 тестирлөө борбору түзүлгөн. Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин сертификаттар 13-июлдан 19-июлга чейин абитуриенттерге жеткирилет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, азыкы тапта Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн. Тестирлөө үч баскычта өтөт: 21-22-июнь, 24-25-июнь жана 11-12-июлда.

Пикир

Оставить комментарий