• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предметтик тест киргизилди – Жусупбекова

Билим 0


Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предметтик тест киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал, тестирлөө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келерин айтып, тестирлөө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатканын билдирди.

"Кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият предметтик тесттери киргизилди", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин предметтик тесттер химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тилдери боюнча тапшырылып келген.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө бир сабакка төлөнүүчү акы кымбаттап 370 сом болгон.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий