• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү жылдырылат

Билим 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы учурда коронавируска байланышкан кырдаалга улам тестирлөөгө каттоо токтотулган.

"Кырдаал жөнгө салынгандан кийин, окуучуларды каттоо башталат", - деп ал, жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырыларын билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Ал эми тестирлөөнүн өзү 15-20-май күндөрү болуп өтмөк. Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча тест тапшырышат.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий