• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалпы салык декларациясын кимдер, качан тапшырат?

Экономика 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында жалпы салык декларациясын кимдер жана качан тапшыра баштай турганын айтып берди.

Ал белгилегендей, жалпы декларация тапшырууга өтүү үч баскычта ишке ашат.

"Жалпы салык декларациясын тапшырууга өтүү баскыч-баскыч менен ишке ашат. 2021-жылдан тарта салык декларацияcын баардык мамлекеттик кызматкерлер, аны менен бирге мамлекеттик бюджеттен маяна алып, мамлекеттик кызматкер эсептелбеген жарандар тапшырат. Алардын саны болжол менен 300 миңге жетет (медицина, билим берүү тармагынын кызматкерлери ж.б.). Ошондой эле биринчи категорияга кирешеси 300 эсептик көрсөткүчкө (30 миң сом) жеткен жана андан ашкан жарандар кирет. 2023-жылдан тарта экинчи категориядагылар декларация тапшыра баштайт. Аларга бюджеттик же бюджеттик эмес экенине карабай, иштеп, маяна алган жарандардын баары кирет", - деди ал.

Анын айтымында, 2025-жылдан тарта жашы толгон бардык жарандар декларация тапшыра баштайт.

Пикир

Оставить комментарий