• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Инфоком" ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдирди.

Анын айтымында, жалпы жарандык паспортто электрондук чип жана кошумча коргоочу элементтерди камтыйт.

Нет описания.

"Ал паспорттун башкы бети толук алтын чиймелерден турат. Кийинки бетте өлкөнүн туусу жана паспорттун номери, жашыруун сүрөт чагылдырылган. Ошондой эле бир катар коргоочу элементтерди жана кыргыз маданиятын камтыйт. Белгилеп кетсек, биометрикалык паспорттун 34 жана 50 беттен турган варианты бар. Атайын көп саякаттаган жарандар үчүн 50 беттүү паспорт чыгат", - дейт ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов белгилегендей, жарандар 2021-жылдын 1-апрель айынан баштап жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүлөрүн ала алышат.

"Электрондук паспорт дүйнө жүзү боюнча 2002-жылы каралган. 160 өлкө катышып, чечим кабыл алган. 2003-2004-жылы биринчи биометрикалык паспорт пайда болгон. Кыргызстанда 2016-жылдан баштап паспорттун жаңы үлгүлөрү бекитилген. 2017-жылы ID-паспорту киргизилген. Ал эми жалпы жарандык паспорт боюнча 2020-жылдын май айында каттоо кызматы менен германиялык Mühlbauer компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок коронавируска байланыштуу көп жумуштар онлайн түрдө жүрүп жатты. Ушул жылдын сентябрь айында гана Германияга барып, паспорттун үлгүлөрүн бекитип келгенбиз", - деди Батырканов.

Батырканов кошумчалагандай, аталган паспорттун башкы артыкчылыгы болуп 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтеринин колдонулушу, паспорттун мукабасында электрондук чиптин болуусу, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды түшүрүүдө лазердик технологиялар колдонулган.

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

- мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдарды идентификациялоону жана каттоону камсыз кылуу;

- кылмыштуулуктун, анын ичинде адамдарды сатуунун, мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

- документтерди бурмалоого жана жол жүрүү документи катары мыйзамсыз пайдаланууга каршы натыйжалуу күрөшүү;

- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү бекеттеринде миграциялык көзөмөлдү камсыз кылат;

- документтерди берүү жана жасалмалоо процесси менен байланышкан алдамчылык тобокелдерин минималдаштыруу;

- Кыргызстандын аброюн жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий