• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалпы жарандык биометрикалык паспортто "Манас" эпосунун саптары камтылган – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Жалпы жарандык биометрикалык паспортто "Манас" эпосунун саптары камтылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат "Инфоком" ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдирди.

Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорт Бишкектеги Тарых музейи, "Манас" эстелиги, "Сулайман-Тоо", Айгүл гүлү, Токтогул ГЭСи, "Таш-Рабат", "Манас" күмбөзү, "Бурана", Ысык-Көл көлү, Теңир-Тоосу жана өлкөдөгү сейрек кездешкен жаныбарларды камтыйт.

"Паспорттун беттеринин биринде "Манас" эпосунун саптары орун алган. Аны ультра кызгылт көк түс аркылуу окуса болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, жарандар 2021-жылдын 1-апрель айынан баштап жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүлөрүн ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий