• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалпы жарандык биометрикалык паспортту 6,5 миң жаран алды

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортту 6,5 миң жаран алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталган.

“Бүгүнкү күндө паспорт алуу үчүн 55 миң арыз келип түштү. 6,5 миң жаран жаңы үлгүдөгү паспорт алды”, - дейт ал.

Пратова кошумчалагандай, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча 300 арыз келип түшкөн. 200дөй документ калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, документтерди каттоо жана паспортторду берүү жашаган жерине карабастан бардык калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Анын 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар: беткабында тактилдик элементтер, когнитивдик басуу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар. Лазердик технологиянын ыкмасы менен басылган жеке маалыматтар (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) жана электрондук чип паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий