• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалпы жарандык паспорттун саны жетиштүү - Каттоо кызматынын башчысы

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Жалпы жарандык паспорттун саны жетиштүү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов билдирди.

Мамбетов биометрикалык паспортторду алуу тендери боюнча маселе Бишкек шаардык сотунда кароодо экенин айтып, ал боюнча пикирин айткан жок.

"Эл кедергисиз алуусу үчүн паспорттордун саны жетиштүү. Башкача айтканда чектөө жок. 226 миң даана бар. Ал жыл аягына чейин жетет", - деди ал.

Мамбеов белгилегендей, De La Rue компаниясы менен 500 миң паспорт алуу боюнча кошумча келишим түзүлгөн. Ошону менен ал De La Rue компаниясы менен түзүлгөн он экинчи келишим болууда.

"Мындай документке кол коюу мыйзамга каршы келбейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий