• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамааттык иммунитет эмне үчүн маанилүү? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары Мира Иманкулова брифинг учурунда жамааттык иммунитет эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу айтып берди.

“Адам эмдөөдөн өткөндө оорудан сактанышы мүмкүн. Бирок бардык эле адамдарды эмдөөдөн өткөрүүгө болбойт, иммундук системаны алсыратуучу кошумча оорулары жана вакцинанын айрым компоненттерине терс көрсөтмөсү болгон адамдар үчүн бир катар чектөөлөр бар. Ошол эле учурда жарандардын бул тобу эмдөөдөн өткөн жана санитардык нормаларды так сактаган адамдардын арасында жашап, корголушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар COVID-19га каршы эмделгенде, патогендин айланышына кыйын болот”, - дейт ал.

Иманкулова кошумчалагандай, жамааттык иммунитет - бул жугуштуу оорудан кыйыр коргоо болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий