• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамал Сейдакматова: Эриш-аркак жылы эки элдин кылым карыткан достугун жана алакасын бекемдейт

Маданият 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Кыргызстан жана Россиянын Эриш-аркак жылы эки өлкө үчүн тең чоң мааниге ээ. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.

“Бул чоң окуя. Эриш-аркак жылынын ачылышы эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин катышуусунда өттү. Кыргызстандан чоң жамааттар, эмгек сиңирген артисттер келди. 200дөн ашык адам. Биз сыйлуу конок катары чакырылганбыз. Эриш-аркак жылы искусство үчүн жакшы жаңылык болду. Биргелешкен фестивалдар өткөрүлөт. Биздин артисттер гастролдор менен Россияга, ал эми россиялык артисттер Кыргызстанга келет. Мурда мен өзүм Россияны гастролдоп кыдыргам. Мындай гастролдор көптөн бери уюштурула элек эле, эми аны жандандырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул абдан жакшы иш. Эриш-арак жылы бул эки президенттин жакшы жыйынтык бере турган жаңы долбоору”,- деп айтты Жамал Сейдакматова.

Ал кошумчалагандай, Эриш-аркак жылы эки элдин байланышын бекемдеп, кыргыз-россия алакаларына жаңы дем берет.

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи 27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өттү. Ага Кыргызстан менен Россиянын 200дөн ашык маданият кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий