• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Жамалбек Ырсалиев Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Башка буйрук менен аталган райондун акими болуп Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий