• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамалдинов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба, өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Зиядин Жамалдинов Ош облусунда айыл чарба багытында бир катар жумуштар аткарылып жатканын айтып, мөмө-жемиш, пахта жана койдун жүнүн экспортоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ал эми элчи Страчко Кыргызстанга Беларусиядан электр жабдыктарын, лифт жана Айыл чарба техникалары импорттолуп жатканына токтолду. Ошондой эле Кыргызстандык абитуриенттер Беларусь Республикасындагы жогорку окуу жайларында окуусуна мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда Беларусия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык, өнөр жай ишканалары жана айыл чарба багытында жаңы долбоорлор менен иштөө мындан ары да уланаары айтылды.

Мындан сырткары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кувейт өлкөсүнүн элчиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий