• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Оштогу мүчөлөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун башчысы ар улуттун өкүлдөрү менен баарлашып, көйгөйлөрүн укту. Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн кызматкерлери музыкалык аппарат жана иш-чаларды өткөрүүдө колдоо көрсөтүүнү жана эң негизги маселе катары жаңы имарат куруп берүүнү суранышты.

Зиядин Жамалдинов Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнө мындан ары ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн айтып, жаңы имарат куруу маселесине да токтолду.

“Жаңы имарат куруу маселеси боюнча биз эл аралык уюмдарга, эл аралык кайрымдуулук уюмдарына түштүк аймагында Достук үйүн курууга колдоо көрсөтүү боюнча кат жүзүндө кайрылабыз. Ал эми башка маселелер боюнча да биз четте карап турбай, материалдык колдоо көрсөтөбүз”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий