• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жамалдинов: Ош облусундагы курулуштар сапаттуу болушу керек

Аймак 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 4-августта Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Ош Электро” ААКнын, КР Экономика жана Финансы министрлигинин Ош аймактык бөлүмүнүн жана Ош ПВЕС жетекчилерин кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда электр, айыл чарба, курулуш тармагы тууралуу маалымат берилип, көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүштү.

Зиядин Жамалдинов Ош облустук капиталдык курулуш башкармалынын жетекчисине кайрылып, курулуштун сапатына көңүл буруу керектигин айтты.

“Ош облусунда курулуп жаткан жалпы курулуштар сапаттуу болсун. Жаңы курулуп жаткан мектеп, ФАП жана бала бакчалар типтүү, окшош болушу керек . Тендерден уткан курулушчулар сапатсыз курулуш материалдарын колдонуп, арзан жабдыктарды орнотуп коюшат. Ошон үчүн курулуш компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөл кылыңыз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, КР Экономика жана Финансы министрлигинин Ош аймактык бөлүмүнүн жана Ош ПВЕС жетекчилерине тапшырма айтып, аны аткарууга 10 күндүк мөөнөт берди.

Пикир

Оставить комментарий