• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамалдинов Ошто дарыланып жаткан баткендик карыялардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кечээ, 5-декабрда КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Оштогу Мамакеев санаториясында дарыланып жаткан Баткен облусунун тургундарынан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Ош облусунун башчысы баткендик туугандар менен баарлашып, керектүү жардамдар берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы акыркы чек ара жаңжалына байланыштуу Ош облусуна 4000ге жакын жаран эвакуацияланган. Азыркы учурда Ноокат районунда 14, Кара-Суу районунда 12 жаран убактылуу жашап жатат. Ал эми Мамакеев санаториясында 23 Баткендик тургундар 10 күндүк дарылануудан өтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий