• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жамалдинов РФнын Оштогу башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү максатында жасалуучу иш чаралар жөнүндө сүйлөшүштү.

“Кыргызстан менен Россия Федерациясы эӊ жакынкы өнөктөш мамлекет болуп саналат, биздин мамлекеттер ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу экономикалык, аскердик жана башка уюмдарга бирге мүчө болуп, кызматташып келишет. Мындан ары да кызматташтыкты бекемдөөгө болгон аракетибизди жасайбыз”, - деди Ош облусунун башчысы.

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Россиянын консулу Роман Свистинди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, эстелик үчүн белек тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий