• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-августтта, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары жол, өндүрүш ишканаларынын экологияга келтирген зыяндуулугу, мыйзамсыз жумуштар, жер, билим берүү мекемелеринин курулушу, турак жай, материалдык жардам жана таза суу маселелери менен кайрылышты.

Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий