• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаманчылык кетип, жакшылык орносун. Төрага Жумабеков элди Нооруз менен куттуктады

Коом 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында уюштурулган салтанатка катышты.

Төмөндө төрага Дастанбек Жумабековдун Нооруз майрамына карата куттуктоосунун толук текстти:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу агайын-туугандар!

"Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынын улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ата-бабаларыбыз жадыраган жаз алып келген "Жаӊы күн" майрамын күн менен түн теӊешкен ыйык күн катары белгилешкен. Себеби, Нооруз сөзү байыркы парсы тилинен алынып, кыргызчага которгондо "жаӊы күн" дегенди билдирет. Ошондуктан, башка Борбордук Азия элдери сыяктуу эле кыргызстандыктар да жаӊы жылдын башталышы катары карап, жаздан жакшылыкты, жайдан берекени, күздөн токчулукту, кыштан аманчылыкты тилеген. Ортобузга кут конгон Нооруз майрамында казан-казан көжө, жети түрлүү даам кошулган тамак-аш дасторконго коюлган. Улуттук оюндар ойнолуп, бабалардын бай мурасы даӊазаланган. Бул майрам ушунусу менен кызыктуу, ушунусу менен көрктүү!

Ар жылы 21-мартта белгилене турган куттуу Нооруз майрамынын миӊдеген жылдарды карыткан тарых таржымалы бар. Байыртадан ата-бабаларыбыз ушул күнү үй-жайын иретке келтирип, “Жерди жарып чөп чык, желин айрып сүт чык” деп токчулукту ниет кылып, бири-бирине каалоо-тилектерин айтып, ар бир үйгө ырыскы, токчулук, ырашкерлик келсин деп үмүт кылган. Жаӊы мүдөөлөрдүн кабыл болушун, жаманчылык кетип, жакшылыктын орношун Жараткандан тилеп, ата-бабаларыбыз Ноорузду жаздын келиши гана эмес, жаӊы күндүн, жакшылыктын башталышы деп билген.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Азыркы кезде күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Жараткандан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Анткени, бул жыл – өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү жыл. Президентибиздин демилгеси менен “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыяланып, элибиздин жаркын келечегине багытталган маанилүү кадамдар жасалууда. Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик керек. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болору өзүбүзгө гана байланыштуу.

"Жаздын бир күнү жылга тете" дегендей, жалпыбыз билек түрө эмгек кылалы. Ар бирибиз мамлекет үчүн колдон келген ишти жасап, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы! Дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салып, дарак бүчүрүндөй далай жакшы тилек-үмүттөрдү сунган Нооруз майрамыӊыздар кут болсун!

Жараткан элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин!

Айдаган аштыгыбыз арбын болуп, келерки жазга жетсин! Байлаган малыбыз көбөйүп, элдин ырысы артсын! Жерди жарып чөп чыксын, желин айрып сүт чыксын!

Өлкөбүз биримдикте өнүгүп, калкыбызда кырсык болбосун! Урпактарыбыз өсүп, уучубуз узарсын, көчүбүз бузулбасын! Эски жыл колдоп, жаӊы жыл жалгасын!".

Пикир

Оставить комментарий