• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жамангулов КМШ ЖПААнын координатору болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПААнын координатору болуп шайланды. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын жүрүшүндө белгилүү болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, жаш парламентчилердин эл аралык иш-чарасына Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Республики Таджикистан, Кыргызстандын парламентчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук, Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, тууралуу маселелер талкууга алынды.

Андан сырткары, КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын кечээ, 26-июндагы отурумунда Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПАА координатору болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий