• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаманкулов: 250дөн ашык музей кызматкеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 250дөн ашык музей кызматкеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн брифингде маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, акыркы 1,5 жылдан бери министрликте оптимизация иштери жүргүзүлүп, бир канча сумманы үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон. Анын жыйынтыгында музей кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

"Бул 15 млн 480 миң сомду түзөт жана 250дөн ашык музей кызматкеринин айлык акысы 80%га көтөрүлдү. Мурда 6 миң сом алгандар эми 9 миң сом, ал эми 8-9 миң сом айлык алгандар эми 12-13 миң сом, ал эми 9-10 миң сом алгандар эми 15-16 миң сомдон алууда", - дейт Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий