• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Жаманкулов Кыргыз улуттук драма театрын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Маданият 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, учурда аталган театрдын сырткы келбетинин ремонт иштери аяктоо алдында турат. Театрдын ички дизайны боюнча архитектуралык чечимдерди кабыл алуу үчүн министр Азамат Жаманкулов тиешелүү адистер менен жолугушту.

"Жолугушуунун алкагында министр ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышып, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий