• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жаманкулов: Былтыр коронавирустун айынан Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленген эмес

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жаманкулов 2020-жылы коронавирустун айынан Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленбей калгандыгын айтат.

“Ага карабастан эки жылдан бери Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өтүп келди. Ошондой эле 20га жакын берүүлөр чыгып жатты”, - дейт министр.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий