• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаманкулов: Китеп басып чыгарууга каражат бөлүндү, сунуштарды күтөбүз

Коом 0


Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине китеп басып чыгарууга быйыл мамлекеттин эсебинен 16 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2017-жылы министрликке кыргыз тилин өнүктүрүү программасынын алкагында 17 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражатка бир канча китеп басылып чыккан, бирок аларды элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон.

"Быйыл чоң мүмкүнчүлүк болууда. Маданият министрлигине 16 миллион сом бөлүнгөн. Кандай китептерди басып чыгарсак болот деп бир канча талкууларды да жүргүздүк. Бул багытта атайын комиссия да түзүлгөн. Алар өздөрүнүн сунуштарын беришти: дүйнөлүк классикалык чыгармалар, кыргыз авторлорунун чыгармалары. Бирок сиздер менен да кеңешүүнү туура көрдүк", - дейт өз сөзүндө министр.

Жаманкулов сунуш-пикирлерди үч багытта сунуштоону жана 10-августка чейин кабыл алынарын кошумчалады.

"Биринчиси - кыргыз авторлорунун чыгармалары, экинчиси - дүйнөлүк классикалык чыгармалар, үчүнчүсү - дүйнөлүк аянтчаларда тренд болуп жаткан, бирок кыргыз тилинде жок китептерди сунуштасаңыздар болот. Айрымдарын быйыл басып чыгарууга аракет кылабыз", - дейт Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий