• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жаманкулов: Өкмөт бөлгөн 200 млн сом аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өкмөт тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 200 млн сом аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет.

"Шаар башчылары жана ар бир облустун жетекчилери Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине канча облус боюнча үй-бүлө азык-түлүккө муктаж болгону тууралуу маалымат бериши керек. Ага жараша Соцөнүктүрүү министрлиги Финансы министрлиги менен биргеликте ар бир облуска акча каражатын бөлүп берет. Акча каражаттарына шаар жана облус жетекчилери жоопкер болушат", - дейт ал.

Жаманкулов белгилегендей, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Эмгек жана социалдык өнүтүрүү министрлиги жана коомдук уюмдар менен биргеликте "Жардам штабы" түзүлгөн.

"Бир үй-бүлөгө бир нече жардам берилип, ал эми калган үй-бүлөлөр жардам албай калган учурлар болгон. Биз мындай көрүнүштөрдү четтетүү максатында тизме түзүп, бирдиктүү иштеп жатабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий