• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаманкулов: Маданият жаатындагы продукцияларды кыргыз тилинде бергенге күч жумшап жатабыз

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мындай пикирин бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Министр өз сөзүндө кыргыз тили кыргызга эмнеге керек деген суроо коюп, ага бир катар аргументтер менен жооп берди. Анын айтымында тил бул улуттун иденттүүлүк, таандык белгиси. «Эне тилибиз дагы улуу кыргыз элин башын бириктирип, сактап келе жаткан таандык белгибиз. Манас дастанын, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматов баштаган жазуучуларыбыздын чыгармаларын, элдик оозеки чыгармаларды – жалпы эле кыргыз тарыхын, маданиятын, рухун түп-тамырына чейин сезебиз десек, анда аны бир гана кыргыз тили аркылуу сезебиз», - дейт А.Жаманкулов.

Маданият, туризм жана маалымат министри бүгүнкү ааламдашуу маалында ар бир улут өзүнүн иденттүүлүгүн сактап калуу, жайылтуу үчүн күрөшүп жаткандыгына токтолду. «Мына ушундай күрөштө уттуруп жибербей башыбызды бириктирип, ушул күнгө чейин сактап келген эне тилибизге эми биз кызмат кылышыбыз керек. Министрлик бүтүндөй маданият жаатындагы продукциялардын баарын кыргыз тилинде бергенге күч жумшап жатабыз»,- дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий