• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жаманкулов: Маданият жана туризм жаатында кол коюлган документтер өнүгүүгө дем берет

Президент 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Маданият жана туризм чөйрөсүндөгү кол коюлган документтер Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы аталган багыттарда өнүгүүгө дем берет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Министр БАЭдеги туризм жана маданият чөйрөсүндө жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, акыркы кезде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы туризм активдүү өнүгүүдө.

"Fly Dubai" компаниясынын аба каттамдарынын ачылышы менен биздин өлкөгө БАЭден көптөгөн туристтер келет. Мындан тышкары, бул жылы "Air Arabia" авиа компаниясы Шаржа эмираты жана Бишкек шаарынын ортосундагы туруктуу каттамы ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө үч аба каттам иштеп жатат. Алар, аны 2020-жылдын жай мезгилине чейин жумасына жети күнгө чейин көбөйтүүгө убада беришти. Түз аба каттамдардын көбөйүүсү менен Кыргызстандан Эмираттарга жана БАЭден Кыргызстанга келүүчү туристтердин санын көбөйөт деп ойлойм", — деди Жаманкулов.

Ошондой эле министр эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык анын ичинде, Кыргызстандын БАЭде жана Кыргызстанда БАЭнин маданият күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланганын кошумчалады.

"Мындан тышкары, биз маданият күндөрүнөн да башка түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү макулдаштык. Мисалы, өзүнчө чыгармачылык топтор жана жамааттар БАЭде жана Кыргызстанда гастролдо болушат", — деди ал.

Министр 2020-жылы БАЭде ЭКСПО эл аралык көргөзмөсү өтөрүн, ага Кыргызстан дагы катышарын маалымдады.

«Бул көргөзмөгө Кыргызстандын павильону коюлат жана Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Анда биздин маданиятыбыз жөнүндө айтып беребиз жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөбүз», — деди ал.

Ошондой эле Жаманкулов, араб тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын форматын өткөрүүгө абдан кызыкдар экендигин белгиледи.

"2020-жылы Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин, алар жалпы көчмөн элдерди жана көчмөн өлкөлөрдүн маданиятын бириктирүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунушташты. Биз бул багытта алар менен мындан ары кызматташабыз", — деди министр.

Эске салсак, КР президентинин БАЭге расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда маданият жана туризм жаатында өз ара кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий