• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаманкулов менен Казакстандын элчиси маданий-гуманитардык байланыштарды талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Казакстандын КРдагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде чыгармачылык коллективдердин, маданият ишмерлеринин катышуусу менен кыргыз-казак достугуна арналган иш-чараларды өткөрүүнү улантуу боюнча сүйлөшүлдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов элчи менен бирге жакынкы аралыкта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Мухтар Ауэзовдун үй-музейине барууну макулдашып, кыргыз-казак элдеринин тарыхы жана мурастары сакталган музейдин абалы менен биргеликте жеринен көрүүнү чечишти.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов буга чейин аталган музейде болгондугун жана учурдагы абалы тууралуу кабары бар экенин айтып, музейге ремонт иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады. Мындай кадамдар, маданий-гуманитардык алаканы бекемдеп, кызматташууга жол ача тургандыгын баса белгилөө менен Манастын айкелин Казакстанда орнотууга тиешелүү көмөк көрсөтүүнү айтып өттү.

Буга катар, Азамат Жаманкулов кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга даяр экенин белгилеп, маданият министрлиги зарыл болгон учурда тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ал эми, Рапиль Жошыбаев Кыргызстан менен Казакстандан ортосундагы бардык байланыштар маданий алакасыз жүрбөй турганын белгилеп, алдыда өтө турган Кыргызстандын Казакстандагы маданий күндөрүн өткөрүү, А. Кунанбаевдин айкелин Бишкек шаарына орнотуу сындуу бир катар иштер бар экенин айтып, аны өткөрүүдө элчилик Кыргызстандын Маданият министрлиги менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Азамат Жаманкулов Рапиль Жошыбаевге дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, тараптар белгиленген бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий