• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаманкулов Сауд Аравия менен маданий жана туристтик долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча кызматташууну сунуштады

Маданият 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун Сауд Аравияга иш сапары уланып жатат, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анда ал маданият жана туризм жаатында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Маалыматка ылайык, 27-февралда маданият министри Азамат Жаманкулов Сауд Арабиянын Маданият министрлигинин маданият иштери жана эл аралык байланыштар боюнча директору Ракан Алтук менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, маданият жана искусство тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар орток жалпы көчмөн маданияты тууралуу сүйлөшүп, кыргыздардын жана саудиялыктардын жашоо тиричилиги менен окшоштугу белгиленди. Аны менен бирге, көчмөндөрдүн уникалдуу маданиятын сактоо жана жайылтуу максатында министр Азамат Жаманкулов Сауд Аравия менен маданий алаканы күчөтүү жана туристтик долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча кызматташуу сунушун киргизди.

Андан ары Саудия тарап маданият министри Азамат Жаманкулов менен бирге эки жылда бир өткөрүлүп келген сүрөтчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн катышкан "Дирия" фондунун биенналесин кыдырып, чеберлердин эмгектери менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий