• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаманкулов түрк тарабына IV ДКОну чагылдырган КР өкүлдөрүнө квотанын санын көбөйтүү боюнча кайрылды

Маданият 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын президентинин администрациясынын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреддин Алтун менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда эки тараптуу маалымат тармагында жүрүп жаткан жигердүү иш аракеттер тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Азамат Жаманкулов Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркиянын мамлекеттик органдары, медиа уюмдары менен маалымат чөйрөсүндө кызматташууну, Түркиянын мамлекеттик телеберүү, радио уктуруу, маалыматтык агенттиктер, басмаканалар ортосунда стажировкаларды уюштурууда колдоо көрсөтүү тууралуу сунуштарды айтып, ал Фахреддин Алтун тарабынан колдоого алынды.

Ошондой эле, министр буга чейин талкууланып келген Бишкек шаарында ТРТ каналынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси көтөрүлүп, Кыргызстандын Маданият министрлиги тарабынан өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүлө турганын маалымдады.

Мындан сырткары, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркияда өтө тургандыгы маанилүү иш-чаралардан экендиги белгиленип, аны жогорку деңгээлде уюштуруу жана чагылдыруу жөнүндө токтолушуп, Азамат Жаманкулов Кыргызстан тарапка маданият, спорт жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө квотанын санын көбөйтүү боюнча кайрылды.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, Азамат Жаманкулов Түркиянын президентинин аппаратынын коммуникациялар башкармалыгынын башчысын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий