• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаманкулов: Тарыхый маданий мурастарды максатсыз жана мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбейт

Аймак 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм минстри Азамат Жаманкулов Ош шаары жана Төлөйкан айылынын аралыгында жайгашкан орто кылымдарга таандык “Ак-Буура” чалдыбары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Таанышуу учурунда аталган чалдыбар жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып, көрүстөнгө айланып бара жатканына күбө болду.

Бул археологиялык эстеликтин аймагындагы мындай иш-аракеттерди тез аранын ичинде бөгөт коюу үчүн министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, анын тарыхый-маданий мурас катары пайдалануу, келечекте туристтик борборго айлантууга шарт түзүү пландар бар экендигин билдирип, сөөк коюуну токтотуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле, бир дагы тарыхый маданий мурастар максатсыз жана мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбейт деп кошумчалады министр.

Эске салсак, КР өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 токтомуна ылайык Ак-Буура чалдыбары I-V кк., IX-XII кк. таандык археологиялык эстелик. Акбуура суусунун сол өйүзүндө, Ош шаарынын түштүк четинде жайгашкан. Акбуура шаар калдыгы биздин замандын алгачкы кылымда Ош оазисин жортуулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Алгач, A. Н. Бернштам тарабынан (1941), кийин Б. Аманбаева тарабынан XIX кылымдын 90-жылдарда изилденген. Анда, Ош шаарынын тарыхы жана маданиятына тиешелүү ар кандай буюмдар табылган.

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объектерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун, пайдалануунун эрежелерин аткарбоодо, аларды коргоо тартибин бузуулар үчүн күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий