• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаманкулов: Театрлар 1-августтан баштап иштеши мүмкүн. Абал турукташпаса онлайн иштейт

Маданият 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Театрлар 1-августтан баштап иштөөсү күтүлүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, театрлардын иштөөсү эпидемиологиялык абалга жараша болот.

“Абал турукташпаса онлайн режиминде иштейт. Мисалга алсак, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын rusteatr.kg сайтына кирип, спектаклдерди көрсө болот. Ошондой эле ар бир театрдын өзүнүн сайты иштөөдө. Китепканалар боюнча lib.kg, mektep24.kg жана башка сайт аркылуу каалаган китептерди жүктөп алсаңыздар болот. Музейлердин да соцтармактарда баракчалары бар. Ал жерде ар кандай акцияларды уюштурууда. Учурда музей, китепкана жана театрлар жабык”, - дейт ал.

Жаманкулов кошумчалагандай, облустар аралык каттамдар токтотулгандыктан жана чет элдик туристтердин эпидабалга жараша келбей жаткандыгынан улам туризм тармагынын деңгээли төмөн.

Пикир

Оставить комментарий