• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаманкулов Улуттук көчмөндөр оюндары тууралуу: Алдыга коюлган максаттарга жеттик

Коом 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Биз Улуттук көчмөндөр оюндарына коюлган бардык максаттарга жеттик. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн негизги максаты улуттук оюндардын маданиятын жайылтуу.

"Биз улуттук кол өнөрчүлүктү жайылтууга көмөк көрсөттүк. Качан гана көчмөндөр оюндар тууралуу жарыя кылганда боз үйдү жасаган усталар жана башка тармактагылар иштей баштайт. Ошондой эле, бий, ыр, этноашкана жана мода өнүгөт", - деди ал.

Маданият министри "Манас Ордо" комплексинде оңдоп-түзөө иштери болгонун айтты.

"Талас облусунда ат майданы курулду, көчөлөр жарыктатылды. "Манас Ордо" тарыхый комплекси жаңыртылды. Ал жерде 1995-жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон эмес", - деп белгиледи Жаманкулов.

Азамат Жаманкулов белгилегендей, бюджеттен 50 миллион сом бөлүнгөн, анын 30 миллион сому ат майданын курууга, 2 миллион сом "Манас Ордо" комплексин оңдоого, 12 миллион сом оюндун расмий бөлүгүнө жана 6 миллион сом спорт тармагына жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий